Ош шаарында таза суу берүү бир күнгө токтотулат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСуу алып жаткан адам. Архив
Суу алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ичүүчү суу 17-июлда кечки саат 24:00дөн туура бир суткага чейин суу берилбейт.

БИШКЕК, 15-июл. — Spitnik. Ош шаарындагы көпчүлүк райондорду таза суу менен камсыз кылуучу түтүктүн алмаштырылып жаткандыгына байланыштуу 18-июлда шаардыктарга таза суу берүү токтотулат. Бул туурасында аталган шаардын мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга байланыштуу "Ош шаарсууканал" муниципалдык ишканасы шаар тургундарын, мекеме ишканаларды таза сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

"Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирип, Ак-Буура дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушунан улам таза суу түтүгүн алмаштыруу зарылчылыгы турат. Андыктан 17-июлда кечки саат 24:00дөн 18-июлга чейин кечки саат 24:00гө чейин убактылуу таза суу берилбейт",— деп айтылат маалыматта.

Мэрия бул күнү "Ош шаарсууканал" эли конуштарга суу ташуучу унаалар менен суу жеткирүүнү колго аларын, ал үчүн жашоочулар аймактык кеңештер аркылуу арыз жазып калтырышы керектигин айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0