Жарым жылда куткаруучулар 229 адамды ажалдан алып калган

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери. Архив
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ алты айдын жыйынтыгын чыгарып, кеңири жыйынга чогулушту.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өлкө аймагында алты айдын ичинде 229 адам ар түрдүү кырсык учурунда куткарылган. Бул маалыматтар ӨКМдин жыйынында айтылды.

Семилетний Байэл и - Sputnik Кыргызстан
Таластык жети жашар бала сууга аккан наристени сактап калды
ӨКМдин коллегиясында I жарым жылдыкта аткаралган иштер жыйынтыгы каралды. Ага ылайык, алты ай ичинде табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө 124 кырдаал катталып, андан 21 адам каза болгон. Анткен менен бул көрсөткүчтөр өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 31 пайызга, ал эми курман болгондордун саны 25 пайызга азайгандыгын көрсөткөн.

Ал эми куткаруу кызматтары 127 адамды сактап калган. Андан сырткары 150 адамдын сөөгү табылган. Алардын 110у эркек, 31и аял жана 9у 14 жашка чейинки балдар болгон.

Ошондой эле 1407 өрт кырсыктары катталып, анын кесепетинен 46 киши жан тасилм болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0