Министр: жыл аягына чейин Бишкек — Нарын — Торугарттын негизги курулушу аяктайт

Жазылуу
Премьер-министр мамлекет өлкөдөгү жолдорду реконструкциялоого жана курууга өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгилеген.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун курулушу менен таанышты
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун курулушу менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун курулушу менен таанышты
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТранспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров жалданган компаниялар жылдын соңуна дейре жолдун негизги бөлүгүн реконструкциялоону жыйынтыктай турганын айтты.
Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров жалданган компаниялар жылдын соңуна дейре жолдун негизги бөлүгүн реконструкциялоону жыйынтыктай турганын айтты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров жалданган компаниялар жылдын соңуна дейре жолдун негизги бөлүгүн реконструкциялоону жыйынтыктай турганын айтты.
1/2
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун курулушу менен таанышты
2/2
Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров жалданган компаниялар жылдын соңуна дейре жолдун негизги бөлүгүн реконструкциялоону жыйынтыктай турганын айтты.

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров жалданган компаниялар жылдын соңуна дейре жолдун негизги бөлүгүн реконструкциялоону жыйынтыктай турганын айтты.

Премьер-министр мамлекет өлкөдөгү жолдорду реконструкциялоого жана курууга өзгөчө көңүл буруп жатканын баса белгилеген. Бул максатта бюджеттик каражаттар бөлүнүп жатканын, ошондуктан ишти сапаттуу аткаруу керектигин белгиледи.

"Бишкек — Нарын — Торугарт жолу өлкөнүн транспорттук артериясы катары республиканын үч облусун – Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облусун бириктирип турат. Ошондой эле ал Кыргызстандын аймагы аркылуу Кытайдын түндүк-чыгыш багытына транзиттик кыймылды камсыздап, Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган эки негизги трассанын бири катары Пакистан жана Индия океанынын портторуна чыгууга мүмкүндүк берет. Андан сырткары Россия жана Казакстанга аталган портторго чыгууга шарт түзөт",— деди Жээнбеков.

Андыктан бир жылдан кийин жолду кайтадан оңдоп чыкпоо үчүн курулуш иштерин бардык техникалык талаптарды сактоо менен сапаттуу жүргүзүү керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0