Ош, Бишкекте күндүн табы 32 градустун тегерегинде болот

Жазылуу
15-17-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Эртең борбор калаада күндүн табы 31, ал эми Ош шаарында 32 градуска чыгып, башка аймактарда өткүн болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Синоптиктер шамалдын орточо ылдамдыгы республикада 4-9 метр, Ысык-Көл өрөөнүндө 10-14 метрге жетиши ыктымалдыгын кабарлады.

"Бишкекти ала булут каптап, жаан-чачындын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 29…31 градус болот. Ал эми Ошто абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 30…32 градуска чейин ысык болот", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызгидромет 15-17-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0