Эрдоган бийликке каршы чыккандарды жазаларын айтып, элди көчөгө чыгууга чакырды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүү. Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган
. Президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн жетекчилери кармалганын Башкы штаб билдирди. Ошол эле учурда төңкөрүштөн кийин буга чейин жетишилген бардык эл аралык келишимдер сактала турганы маалымдалууда.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Түркиянын президенти Тайип Эрдоган дүрбөлөңчүлөрдү жазалай турганын айтып, элди көчөгө чыгууга чакырганын CNN Turk каналы аркылуу жасаган кайрылуусунда баса белгиледи.

Ал төңкөрүштү жасаганадар өлкөнүн мыйзамы боюнча катуу жазага тартыларын жана өлкөнүн чакан аскерий тобу бийликти басып алууга аракет кылганын айтты.

"Мен өлкө тургундарына көчөгө чыгып, болуп жаткан баш аламандыкты токтотууга чакырам", — деп теле кайрылуусунда билдирди.

Ал ошондой эле төңкөрүштү Гүлендин тарапташтары жасаганын айтып, аларды айыптады.

Өлкөнүн премьер-министри Бинали Йылдырым NTV телеканалы аркылуу аскерлердин өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылганын билдирген.

Ал эми башка ЖМКлар президент Тайип Эрдоган коопсуз жайда экенин, ал эми Башкы штабдын жетекчиси Хулуси Акара туткунга алынганын маалымдашууда.

Түркиянын полициясы Стамбулдагы Босфор кысыгы аркылуу салынган көпүрөнүн Азияга жана Европага өткөн тарабын жапкан. Ошондой эле Анкарада аскер учактары менен тик учактар учуп жүргөнү айтылууда. DHA маалымат агенттиги Түркиянын башкы штабынын имаратына көп сандагы тез жардам машиналары келип жатканын билдирди. Ошондой эле Түркиянын чалгындоо уюмунун аймагында тик учактан ок чыгарылганы айтылууда. Коопсуздук кызматы менен Анкаранын полициясы шашылыш жумушка чыкканын айрым ЖМКлар жазышууда. Ал эми Стамбулдагы "Ататүрк" аба майданы тарапта танкалардын жүргөнүн телеканал NTV маалымдады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0