Эки күндөн кийин өлкөнүн айрым жерлеринде кар жаап, абанын температурасы төмөндөйт

Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. 21-22-23-июль күндөрү өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүндүгүн Кыргызгидромет билдирди.

Бул күндөрү кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет жана абанын температурасы төмөндөйт. 

Кыргызгидромет мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0