Нарын: этек-жеңди жулмалаган шамал үйлөрдүн 600гө чукул шиферин жарактан чыгарды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСынган шиферлер. Архив
Сынган шиферлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Этек-жеңди жулмалаган шамал Жумгал жана Кочкор районундорунда катталган.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунда 18-июлда саат 17:00 чамасында куюн аралаш катуу шамал болуп, бир катар айылдардагы турак-жайлардын чатырын учурганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 26-28 метрге жеткен. Катуу шамалдын айынан Көк-Жар, Кара-Суу, Мантыш, Кызыл-Дөбө, Орток, Кочкор, Исакеев, Кара-Саз жана Кара-Күнгөй айылдары жабыркаган. Район боюнча жалпысынан үйлөрдүн жана социалдык обьектилердин 414 шифери жараксыз абалга келген.

Шамалдын кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмок шаарында ылдамдыгы саатына 28 метрге жеткен катуу шамал болду
Ошондой эле, 18-июлда саат 15:45те Жумгал районунда түндүктөн батышка карай ылдамдыгы 18-20 метрге жеткен шамал катталган. Анын кесепети Көк-Ой, Жаны-Арык, Чаек айылдарына тийген. Жалпысы район боюнча 157 шифер жараксыз абалга келген.

Учурда аталган айыл аймактарында Жарандык коргонуу комиссиялары жабыр тарткан турак жайларды текшерүүдө. ӨКМдин маалымат кызматы билдирдгендей, "КРде өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтомго ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метр, тоолуу райондордо секундасына 35 метрден ашкан учурда гана мамлекет тарабынан жардам көрсөтүүлөрүн берилет.

Эки райондо болгон катуу шамалдын кесепетинен 571 шифер жараксыз абалга келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0