Ош: мас абалында жөө адамды сүзгөн айдоочуну эл өзү жазалоого аракет кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖолдун чекесинде турган жөө адам. Архив
Жолдун чекесинде турган жөө адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран Ош ШИИБине алып келинген. Учурда анын мас абалында кырсыкка кабылганы аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Ош шаарында мас абалында жөө адамды сүзүп кеткен Россиянын Екатеринбург шаарынын тургунун эл өзү жазалоого аракет кылганын Ош шаардык ИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Следы крови на земле у взорвавшейся машины работника прокуратуры в селе Орто-Сай - Sputnik Кыргызстан
Сабыр Жумабеков: Жардыруудан улам жабыркаган прокурор көп кан жоготкон
Ага ылайык, окуя 28-июлда саат 23:30 чамасында болгон. Анда Россиянын Екатеринбург шаарынын 40 жаштагы тургуну мас абалында Hyundai Elantra үлгүсүндөгү автоунаасын айдап баратып, рулду башкара албай жолдун каршы тарабында келе жаткан Honda СRV машинасын барып каккан. Окуя болгон жерден качам деп жатып, жолдо бараткан 24 жаштагы Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Элдиярбек аттуу жаранды койдуруп кеткен. Ага да болбой кырсык болгон жерден качуу айласын жасап жатып, арыкка түшүп токтогон. Жол кырсыгынан жабыркаган жаран тез жардам кызматы аркылуу Ош шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, бирок каза болуп калган.

"Ачууланган эл кырсык болгон жерге топтолуп, мас абалындагы айдоочуну өз алдынча жазалоого аракет жасап жатканда Ош шаардык Кайгуул милициясынын кызматкерлери арачалап калышкан", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран Ош ШИИБине алып келинген. Учурда анын мас абалында кырсыкка кабылганы аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата жолдо жүрүү коопсуздук эрежесин бузуу боюнча кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0