Кыргызстандын аймагында беш күн бою жамгыр жаашы күтүлөт

Жазылуу
Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 30-июлдан 3-августка чейин туруктуу эмес аба-ырайы сакталаарын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка караганда 30-31-июль күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Сель в Ак-Талинский районе Нарынской области - Sputnik Кыргызстан
Ош жана Нарын облустарында жүргөн сел унаа жолдорду жана эгин талааларын каптады
Бишкекте 30-июлда жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18 градус, күндүз 25…27 градус ысык болот.

Ош шаарында дагы жаан жаап, күн күркүрөйт. Түндө 19 градус жылуу болсо, күндүз 29 градус ысык болот.

1-августта айрым жерлерде жаан жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

2-3-августта дагы туруктуу эмес аба ырайы сакталып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0