Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында кар жаайт

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. 31-июлда Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Боом капчыгайндагы автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Инженер: жол салынганда тоо катмары козголуп калгандыктан Боомдо улам таш түшүүдө
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Кээ бир райондордо нөшөрлөгөн жаан жаап, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында 27 градус ысык болсо, Ош шаарында 30 градуска чейин жогорулайт.

Андан сырткары Чүй, Талас өрөөнүндө күндүз 28 градус ысыйт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 32 градуска чейин көтөрүлөт. Нарында 25 градус болсо, Ысык-Көлдө 26 градуска чейин ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0