Кыргызстандык балбандар Рио Олимпиадасына сапар алышты

© пресс-служба ГАМФКиСКыргызстандын курама командасындагы балбандар
Кыргызстандын курама командасындагы балбандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн жети балбан жолдомо утуп алган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. "Манас" аэропортунан Кыргызстандын курама командасындагы балбандар Рио олимпиадасына узашты. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Олимпиада оюндарынын катышуучусу, грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Руслан Царев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Рио-2016: Руслан Царев: башында грек-рим күрөшүн олуттуу кабыл алган эмесмин
Негизинен өлкө намысын грек-рим стили боюнча Жанарбек Кенжеев, Мурат Рамонов, Руслан Царев, Арсен Эралиев, эркин күрөшчүлөр Магомед Мусаев, Айал Лазарев жана Айсулуу Тыныбекова коргойт. Жалпысынан кыргызстандык спортчулар 19 жолдомого ээ болушкан.

XXXI жайкы олимпиадалык оюндар 5-21-августта Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Ал эми Паралимпиадалык оюндар 7-18-сентябрда болот.

Рио-де-Жанейродогу олимпиадада кыргызстандык спортчулар кайсы күнү беттешерин Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0