Свердлов районундагы 9 жаңы конуштун жолдору оңдолот

Жазылуу
Учурда жерге шагыл төшөө иштери жүрүп, оңдоо иштери бир жарым айдан кийин аяктайт.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов районундагы 9 жаңы конуштун жолдору оңдолорун мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Азыр "Учкун" конушунда жолду түздөп, шагыл төгүү иштери башталган.

"Конкурстук комиссиянын чечими менен "ЛОИ" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылган. Компания жаңы конуштагы таштак жерлерди оңдойт. Ал менен келишим түзүлдү", — деп айтылат мэрия тараткан билдирүүдө.

Жалпысынан 9 жаңы конуштагы узундугу 7 чакырым болгон тогуз жолду оңдоо каралган.

Оңдоо иштери бир жарым айдан кийин аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0