Эртең Кыргызстанда күн 35 градуска чейин ысыйт

© Sputnik / Табылды КадырбековСуу чачышып жаткан балдар. Архив
Суу чачышып жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Эртең, 4-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болорун Кыргызгидромет билдирди.

Зардалы: сел алган көпүрө, жөө-жалаңдап суудан өткөн кемпир-чал менен балдар - Sputnik Кыргызстан
Зардалы: сел алган көпүрө, жөө-жалаңдап суудан өткөн кемпир-чал менен балдар
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бишкекте күндүз 33 градус болсо, Ош шаарында күн 34 градуска чейин ысыйт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында ысык 35 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө 26 градус, Нарын облусунда 27 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0