Кыргызстанда эртең күн ысык болот

© AP Photo / Petros GiannakourisЭс алгандар паркта. Архив
Эс алгандар паркта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Шаршембиде өлкө боюнча жаан-чачын болбой тургандыгын Кыргызгидромет билдирди. 

Последствия селя - Sputnik Кыргызстан
Чаткалда сел жүрүп үч машинаны басып калды
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 16…18 градус, күндүз 31…33 градус жылуу болсо, Ошто түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 34…36 градус жылуу болуусу күтүлүүдө. 

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0