Москвада коюла турган Айтматовдун эстелигинин долбооруна сынак жарыяланды

© Sputnik / Александр ФедоровУлуу жазуучу Чынгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучу Чынгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак 15-августта башталып 15-октябрга чейин уланат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Маданият маалымат жана туризм министрлиги Москва шаарына коюла турган Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин долбооруна сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди. 

Сынакка бардык сүрөтчүлөр, скульпторлор, архитекторлор катыша алат. Шарт боюнча бир адам же бир канча жамаатттын автор болуусуна жол берилет.

Катышуучулардын жашы боюнча чектөө жок. Сынак 15-августта башталып 15-октябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0