Бишкектин эки районунда жолдор оңдолуп жатат

Жазылуу
Көчөлөрдөн тышкары жаңы конуштардын ички жолдору да оңдолуп жатат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектин Ленин жана Октябрь райондорунун жолдорун оңдоо иштери уланып жатканын мэрия билдирди.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия шаардын 49 көчөсүнүн капиталдык ремонтун баштаганы турат
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө жаңы асфальт төшөө үчүн эски асфальттын үстүңкү катмары сыйрылууда. Алынган катмарлар автоунаа жүрүүчү таш жолдорго төшөө үчүн колдонулат. 

Мында Мусулманкулов, Иманалиев, Чодронов, Береговая, Соликамская, Рысмендиев, Подольская көчөлөрүнүн жана "Арча-Бешик" жаңы конушунун ички жолдорунун 50-300 метрге чейинки бөлүктөрү оңдолууда. 

Ал эми Октябрь районундагы "Көк Жар" жана "Кара-Жыгач" жаңы конуштарынын көчөлөрүнө шагыл төшөлүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0