Швецияда министр айым кызуу болуп унаа айдаганы үчүн жумушунан кетти

© AFP / Vilhelm STOKSTAD / TT NEWS AGENCY Швециянын гимназия иштери боюнча министри Аида Хадзиалич. Архив
Швециянын гимназия иштери боюнча министри Аида Хадзиалич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат жыйында министр Аида Хадзиалич бул кылыгы үчүн өзүнө ачуусу келип жатканын айткан.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Швециянын гимназия иштери боюнча министри Аида Хадзиалич ишемби күнү мас абалында унаа айдап кармалгандыктан кызматынан кетип жатканын жар салды.

Министр айым рулга бейшемби күнү эки бокал шарап ичкенден кийин отурган. Копенгагенден Мальмага бараткан жолдо аны полиция токтотуп, текшергенден кийин организминен 0,2 промилле алкоголь табылган.

"Менден көбүнүн көңүлү калганын түшүнүп турам, бул жоругум үчүн өзүмө ачуум келип, абдан өкүнүп жатам", — деди атка минер маалымат жыйында.

Өкмөт башчы Стефан Левен өз ишин мыкты билген кесиптешинен кол жууп жатканын белгиледи.

"Кырдаал олуттуу. Жакшы иштеген министрден кол жууп жатабыз", — деген премьер-министрдин сөзүн ТТ маалымат агенттиги келтирди.

Босния жана Герцеговинадан чыккан Аида Хадзиалич 29 жашта, Социал-демократиялык партиянын мүчөсү. Министрлик кызматка 2014-жылы дайындалып, швед өкмөтүнүн тарыхындагы эң жаш министр болуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0