Кыргызстанда катуу жааган жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн кыз. Архив
Кол чатыр көтөргөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкө боюнча күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Жылдыз жааган түн - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик сүрөтчү жылдыз жааган түндү тартып алды
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн. Ал эми күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 18…20 градус, күндүз 31…33 градус ысык болушу күтүлөт. Ош шаарында жаан жаабайт, абанын температурасы түнкүсүн 18…20, ал эми күндүз 32…34 градус ысык болот.

Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 

15-17-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0