Кырчын жайлоосунда "Көчмөндөр ааламы" фольклордук фестивалы өтөт

Жазылуу
Өлкөнүн облустарынан келген өкүлдөр боз үйдү тез тигүү боюнча өз ара мелдешет.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда 4-7-сентябрда "Көчмөндөр ааламы" фольклордук фестивалы өтөт. Бул туурасында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы кабарлады.

"Хан Ордо" этношаарчанын борбордук аянтчасы болот. Ал жакта фольклордук фестиваль уюштурулат.

"Көчмөндөр ааламы" фестивалынын программасы өтө жыш жана ар тараптуу болмокчу. Этнофольклордук, музыкалык жана бий топторунун, жеке аткаруучулардын, төкмө акындардын, манасчылардын сахнадагы өнөрүн, Кытайдын маданият кербенинин келишин, улуттук кийимдердин көргөзмөсүн көрүүгө болот", — деп айтылат маалыматта.

Көк-бөрү оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюндарына билет баасы 4000 сомго чейин болот
Этношаарчанын коноктору үчүн Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониянын артисттеринин концерти жана Бишкек, Ош шаарларынан, өлкөнүн бардык облусунан келген маданий делегациялардын театралаштырылган оюндары коюлат.

Ушул эле күндөрү "Кыргыз айылынын" аянтчаларында ар кандай конкурстар өткөрүлөт, алардын арасында төкмө акындардын, манасчылардын, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн усталарынын да мелдештери бар. 

Коноктор улуттук кийимдердин жана улуттук ашкананын конкурстук көргөзмөсүнө күбө боло алышат. Ал эми дубандардын өкүлдөрү боз үйдү тез тигүү боюнча мелдешет. 

"Улуттук спорттук мелдештер да фестивалдын көрүүчүлөрүнө башкасынан кем эмес жана унутулгус көз ирмемдерди тартуулайт", — деп айтылат маалыматта.

Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2016-жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт. Көрүүчүлөргө этноспорттун 23 түрү боюнча спорттук мелдештер, "Көчмөндөр ааламы" фольклордук фестивалы жана бир катар маданий-спорттук иш-чаралар тартууланат. Алар Чолпон-Атадагы ат майданында, Кырчын жайлоосунда, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0