Эртең тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт

Жазылуу
Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Эртең өлкө аймагында жаан жаай тургандыгын Кыргызгидромет билдирди. 

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 

"17-18-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0