Күбө: Аламүдүн районунда түнкүсүн эки унаа кагышты

© Фото / Актан ТемиркановТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан каза тапкандар болгон жок. Жабыркагандар ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жибек Жолу проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишинде эки жеңил унаа кагышып кеткендиги тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Кырсык 18-августка караган түнү катталган. Анда Mitsibishi Carisma менен Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. 

Mitsubishi унаасынын 19 жаштагы айдоочусу жана машинадагы эки жүргүнчү Улуттук госпиталга жеткирилди. Ал эми Honda үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу №4 шаардык ооруканадан медициналык жардам алды.

Каза тапкандар жок. Айдоочулар соо экени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0