Дамаск Түркиянын Сирияга кирип баруусу өлкөнүн суверенитетине доо кетирерин жар салды

© REUTERS / STRINGERСириянын Жараблаус шаарындагы Түркия аскерлери.
Сириянын Жараблаус шаарындагы Түркия аскерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми расмий Анкара Жараблус шаарын бошотуу Алепподогу согушкерлерди тазалоого жардам берерин жүйө келтирүүдө.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Дамаск Түркиянын Сирияга кирип баруусун кескин түрдө сынга алды. Бул тууралуу Сириянын Тышкы иштер министрлиги билдирди. 

Белгилей кетсек, шаршемби күнү эртең менен Түркиянын аскерлери Жараблус шаарын "Ислам мамлекетинин" террорчуларынан бошотуу үчүн Сириянын түндүк аймагына кирген.

"Түркиянын аскерлеринин кирип келиши Сириянын суверенитетине доо кетирет. Өлкөнүн аймагындагы ар бир согуштук аракеттер бийлик менен сөзсүз макулдашылышы керек. Бир гана "Ислам мамлекети" менен эмес, Түркия ачык колдоого алган террордук топтор менен да күрөшүү зарыл", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми расмий Анкара Жараблус шаарын бошотуу Алепподогу согушкерлерди тазалоого жардам берерин жүйө келтирүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0