Москвада өрттөн каза тапкандардын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүУчуп бараткан учактын көлөкөсү. Архив
Учуп бараткан учактын көлөкөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын учак Москва шаарынан Бишкек убактысы боюнча 17.00дө учуп чыкты.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Москвада өрттөн каза тапкандардын сөөгү Кыргызстанга учак менен жөнөтүлгөндүгү тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда бүгүн, 29-август күнү атайын учак вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева башында турган жумушчу топтун коштоосунда Москва шаарынан Бишкек убактысы боюнча 17.00дө учуп чыкты. 

"Ош жана Жалал-Абад облусунун тургундарынын сөөгү ӨКМ өкүлдөрү тарабынан Ош шаарына жеткирилип, акыркы сапарга узатуу үчүн жакындарына берилет. Ал эми Чүй жана Ысык-Көл облусунун тургундарынын сөөгү Бишкек шаарындагы туугандарына берилет", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, вице-премьер башында турган жумушчу топ курман болгондордун жакындарына жана туугандарына көмөк көрсөтүү үчүн 28-августта Москва шаарына учуп кеткен.

Кыргызстандын 14 жаранынын өмүрүн алган Москвадагы өрттүн чоо-жайы жана хронологиясын Sputnik Кыргызстан даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0