Кыргызстан — Филиппин жолдоштук беттеши майып балдарга арналат

© Sputnik / Табылды КадырбековФутболисты тренируются перед матчем. Архивное фото
Футболисты тренируются перед матчем. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол боюнча жолдоштук беттешүү 6-сентябрь күнү саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Филиппиндин жолдоштук беттеши мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналат. Бул тууралуу КРдин Футбол федерациясы билдирди. 

Кыргызстан курама командасынын футболчулары Казакстан командасы менен беттеш учурунда - Sputnik Кыргызстан
Президент Атамбаев Кыргызстан футболчуларынын жеңишине кубанды
Аталган демилге БУУнун балдарды коргоо фондусу (UNICEF) жана КРдин Футбол федерациясы тарабынан көтөрүлгөн.

Футбол боюнча жолдоштук беттешүү 6-сентябрь күнү саат 20:30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот.

Билеттердин баасы 200 сомдон 500 сомго чейин болуп, стадиондун кассасында сатылат. 

Эске сала кетсек, 30-августтагы Кыргызстан — Казакстан беттеши 2:0 эсебинде кыргызстандык команданын пайдасына чечилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0