Эртең Кыргызстанда күн ачык болот

Жазылуу
Республиканын тоолуу аймактарында өткүн өтүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Эртең, шейшемби күнү Кыргызстандын аймагында күн ачык боло турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте жаан-чачык күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16 градус, күндүз 27…29 градус болот. Ал эми Ош шаарында абанын температурасы түнкүсүн 15…17 градус, күндүз 28…30 градуска жетет.

"Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт" — деп айтылат билдирүүдө.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0