Көчмөндөр оюну: Чолпон-Атада 3 күнгө созулчу этно концерт башталды

Жазылуу
Концерттин биринчи күнүндө буга чейин өткөрүлгөн республикалык "Этно хит" музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланып, алар келген конокторго өз өнөрүн тартуулашат.

ЧОЛПОН-АТА, 5-сен. — Sputnik. Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандагы башкы сахнада үч күнгө созула турган концерт башталды. Ага 62 өлкөнүн маданият, этно мода, этно музыка жана этно көргөзмө сынактары өтө турганын алып баруучулар кабарлашты. 

Акын Азамат Болгонбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кырчындагы айтышта Азамат Болгонбаев баш байгени багындырды
Эске сала кетсек, ушул күндөрү көгүлтүр Ысык-Көл жергесинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат.

Ал эми концерттин биринчи күнүндө буга чейин өткөрүлгөн республикалык "Этно хит" музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жарыяланып, алар келген конокторго өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Көчмөндөр оюндары 8-сентябрь соңуна чыгат.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0