Чек арадагы чектөөдөн улам Баткендин 15 миң тургуну "барымтада" калды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундар "Айгүл Таш — Согмент" айланма жолу менен каттоого мажбур болуп жатканын айтышууда.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Баткен районунун 15 миңге жакын жашоочусу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын убактылуу жабылганына байланыштуу райондун башка аймактарына өтө албай убара тартууда. Бул тууралуу аталган райондогу Дар жана Кыштут айылынын жергиликтүү жашоочулары билдирди. 

Задержанный сотрудниками МВД РУз на Унгар-Тоо сотрудник станции Кербен-24 Нурбек Усупбаев с сыном после освобождения - Sputnik Кыргызстан
Үңкүр-Тоо: мекенине кайткан КР жарандары окуянын чоо-жайын айтып беришти
Эске сала кетсек, Өзбекстан тарап Эгемендүүлүк майрамына байланыштуу ушул жылдын 22-августунан 2-сентябрына чейин чек ара өткөрмө жайларын убактылуу жапкан. Жергиликтүү тургундардын айтымында, Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн Көчмөндөр оюндарына байланыштуу чек ара кайрадан жабылып калган.

Учурда Дар, Кыштут айыл аймактарындагы 20дай айылдын жашоочулары "Айгүл Таш — Согмент" айланма жолу менен ашуу ашып, райондун жана өлкөнүн башка дубандарына каттап жатышат.

"Биз буга чейин Сох анклавын аралап өтчү түз жол менен каттап жүрсөк, эки жумадан бери аны айланып өтүүгө туура келүүдө. Башкача айтканда, "Айгүл Таш — Согмент" айланма жолу менен каттап жатабыз. Жол өтө начар. Башка айлабыз жок. Чек ара эми ачылат деп турган мезгилде Көчмөндөр оюндары башталып, чек ара кайрадан жабылып калды", — дейт жергиликтүү жашоочу Азамат Каримбаев. 

Азырынча чек ара бекеттеринин качан ачылары белгисиз. 

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы Өзбекстан менен болгон чек ара жабылбаганын, болгону убактылуу чектөө киргизилгенин айтты.

Чек ара кызматынын маалымат кызматынын өкүлү Сажира Чоколоева чектөөлөр дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдун өкүлдөрүнө тиешеси жок экенин айтты.

"Дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдун өкүлдөрү эч кандай тоскоолдуксуз бекитилген тартипте өтүүдө. Бул чектөөлөр Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандарына гана тийиштүү. Кыргызстандын жарандары Өзбекстанга кире албайт, Өзбекстандын жарандары Кыргызстанга кире алышпайт. Эгерде өзүнүн мекенине кайтып жаткан КРдин же Өзбекстандын жарандары болсо, алар өткөрүү жайларынан эч тоскоолдуксуз өтө алышат", — деди ал.

Чоколоева ошондой эле чектөөлөр канчасына чейин коюлгандыгы тууралуу маалымат жок экенин айтып, эгер алына турган болсо маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0