Сирияда согуш отун токтотуп туруу тартиби киргизилди

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүСирия. Архив
Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын ыкчам топтору бул тартипти камсыздап турмакчы. Алар Сириянын бардык провинцияларында түзүлгөн.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Сирияда согуш отун токтотуп туруу тартиби киргизилди деп билдирди РИА Новости. Буга чейин Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Башкы ыкчам башкармалыгынын жетекчиси генерал-лейтенант Сергей Рудской бул тартип Москва убактысы боюнча саат 19.00дөн (Бишкекте 22:00) тарта киргизилерин айткан. 

"Бул тартипти сактап туруу үчүн россиялык тарап зарыл болгон бардык даярдыктарды көрдү", — айткан ал.

Рудской РФ менен АКШ 9-сентябрда Женева шаарында согуш отун токтотуу келишимин кайра жандантып, Алеппого гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча бир пикирге келгендигин эске салды.

"Аталган иш-чараларды жасоо боюнча бардык провинцияларда өлкө аймагында касташкан тараптарды жараштыруу үчүн россиялык элдештирүүчү борбор тарабынан ыкчам топтор ишке кирди", — деп айткан ал.

Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияда террордук уюмдун башчысы өлтүрүлдү
Өткөн жума күнү Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия жаатындагы көп баскычтуу пландарды, анын ичинен 12-сентябрдан тарта согушууну токтотуп турууну талкуулаган. Андан сырткары террорчулардан сириялык оппозиция мүчөлөрүн обочолотуу жана согушкерлер менен кармашты улантуу сүйлөшүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0