Россия кээ бир мамлекеттерге туз сатууга тыюу салды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүТуз сатуу. Архив
Туз сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим 2016-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россия кээ бир мамлекеттерге туз сатууга тыюу салганын РИА Новости агенттиги билдирди. 

АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Россияга карата санкциянын тизмесин кеңейтти
Мындай чечим 2016-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирет.

Россия 2014-жылдын августунан тарта Украинадагы абалдан улам ага (Россияга) карата чектөө салган мамлекеттерге санкция киргизген.

Тыюу салууга эт, колбаса, балык жана деңиз азыктары, жашылча-жемиштер жана сүт азыктары туш болгон. 2015-жылдын июнь айында Россияга карата киргизилген санкциялар алынбагандыктан эмбарго бир жылга узартылган. Ал эми 2016-жылдын июнь айында тыюу салууларды 2017-жылдын 31-декабрына чейин узарткан.

Эмбарго АКШга, Европа биримдигиндеги мамлекеттерге, Канада, Австралия, Норвегия, Албания, Черногория, Исландия, Лихтенштейн жана Украинага карата киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0