Атамбаев менен Путин Бишкекте эки тараптуу жолугушуу өткөрөт

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путин. Архив
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Россиянын президенттери эки өлкөнүн кызматташуусунун маанилүү маселелерин талкуулашат.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Россиянын президенти Владимир Путин 17-сентябрда Бишкекте эки тараптуу жолугушуу өткөрөт. Бул туурасында президенттин аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков маалымат жыйында билдирди.

16-17-сентябрда Бишкек шаарында КМШнын мааракелик саммити өтөт.

"17-сентябрда күндүн биринчи жарымында Кыргызстан менен Россиянын президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу өтөт. Биздин мамлекеттердин ЕАЭБге катышуусу, Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлор талкууланат", — дейт Исаков.

Дагы кандай маселелер талкуулана турганы кийинчерээк билинерин Исаков кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0