Лавров Бишкектеги орус тилин тереңдетип окутуучу мектептин ачылышына барды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРоссиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Антон Чехов атындагы мектептин расмий ачылышына катышты.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Антон Чехов атындагы мектептин расмий ачылышына катышты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Антон Чехов атындагы мектептин расмий ачылышында орус тилинин Кыргызстанда расмий тил экенин Россия баалай тургандыгын белгиледи.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Жума күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Антон Чехов атындагы мектептин расмий ачылышына катышты. Бул тууралуу РФ ТИМнин расмий сайтында кабарланды.

Бишкектеги Антон Чехов атындагы орус тилин тереңдетип окутуучу мектеп 1-сентябрдан баштап иштей баштады.

"Биз Кыргызстанда орус тили расмий тил экенин баалайбыз. Бул мектеп Россия президенти Владимир Путин аркылуу колдоо тапкан "Чет өлкөдөгү орус тили" аттуу концепциянын негизинде курулду", — деди Лавров мектептин ачылышында.

Бул эки элдин достугун мындан ары дагы өнүктүрүүгө болгон чоң кадам экендигин министр баса белгилеген.

Мектеп 350 окуучуга эсептелген. Мектептин бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тесттен жана жалпы мамлекеттик экзаменди тапшырып, Кыргызстандын жана Россиянын аттестаттарына ээ болушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0