Азия чемпионатында кыргыз курама командасы оюнду улантуу укугунан ажырады

© Фото / пресс-служба ФФКРКыргызстандын 16 жашка чейинки курама командасынын архивдик сүрөтү
Кыргызстандын 16 жашка чейинки курама командасынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан курама командасы вьетнамдык спортчулар менен беттешип, жеңилүү ызасын тартты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы 16 жашка чейинки спортчулардын арасындагы Азия чемпионатында Вьетнам спортчуларына жеңилип калды. Эми алар мындан ары оюнду уланта алышпайт.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин футбол боюнча курама командасы FIFA рейтингинде үч сап төмөндөдү
Индиянын Гоа штатында өтүп жаткан оюнда Кыргызстан курама командасы үч беттеш өткөргөн. Биринчи оюнда биздин спортчулар 1:0 эсебинде Австралия курама командасын жеңип, экинчи оюнда Японияга 0:8 эсебинде утулушкан. Ал эми үчүнчү оюнда 1:3 эсебинде вьетнамдык спортчуларга жеңилип калышты. Ошентип, футбол боюнча 16 жашка чейинки спортчулар арасындагы Кыргызстан курама командасы Азия чемпионатында оюндарын улантуу укугунан ажырап калышты.

Кыргызстан үчүн Азия U-16 оюну тарыхтагы биринчи оюн болчу. Чучукулак кармоонун жыйынтыгы менен кыргызстандык оюнчулар "В" тайпасына туш келишкен. Бул тайпада Япония, Австралия жана Вьетнам командалары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0