Кыргызстандын чемпионаты: "Алай" "Алганы" утуп алды

© пресс-служба мэрии города ОшАлайдын футболчуларынын архивдик сүрөтү
Алайдын футболчуларынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кара-Балта" менен "Алдиер" командаларынын беттешинде он гол кирип, анын тогузу "Алдиердин" дарбазасына кирген.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатынын кезектеги мелдешинде (Топ лига) Оштун "Алай" командасы Бишкектин "Алга" командасын 1:0 эсебинде утуп алды.

Футболчул Азамат Байматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КР курама командасынын кийинки оюнуна Азамат Байматов чыкпайт
Чемпионатка жалпысынан жети команда катышкан, ар бир турда алардын бирөө эс алат.

"Кара-Балта" 9:1 эсебинде "Алдиер" (Куршаб) командасын утуп алды, башка беттеште Канттын "Абдыш-Ата" командасы Нарындын "Ала-Тоосу" менен ойноп, тең чыгышкан.

Өлкө биринчилигинде алдыңкы орунда мурдагыдай эле "Дордой" менен "Алга" командалары, алардын ар бири 35тен упай топтошкон. Алга — 33, "Абдыш-Ата" — 17, "Кара-Балта" — 10 упай топтогон. Акыркы эки орунду жети жана алты упай менен "Алдиер" менен "Ала-Тоо" командалары ээледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0