Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айсулуу Алыбаева: көчөйүн деп турган үй жашоочуларды басып калабы деп корком

© Sputnik / Эркин АлымбековБывшая жительница сгоревшего общежития Айсулуу Алыбаева
Бывшая жительница сгоревшего общежития  Айсулуу Алыбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын 10-мартында Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарындагы эки кабаттуу жатаканада өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен.
Айсулуу Алыбаева: көчөйүн деп турган үй жашоочуларды басып калабы деп корком

Тилсиз жоонун жыйынтыгында 22 үй-бүлө турак жайсыз калган. Бирок алардын ичиндеги эки үй-бүлө бүгүнкү күндө ошол эле имаратта күн кечирип келет.

Кырсыкка чейин аталган жатаканада жашган Айсулуу Алыбаева учурда үй урайын деп калганын айтты. 

"Бул жерде ар убак ным сакталып турат. Ошондон улам балдар күн сайын эле ооруп жүрүшөт. Ал эми дубалдар көчө турган жагдайга келип калды. Адамдарды басып калабы деп корком", — деди Айсулуу Алыбаева. 

Алыбаева жергиликтүү бийлик жер берүүнү убадалап, бүгүнкү күнгө чейин аны аткарбай жатканын баса белгиледи. 

Ал эми Шопоков шаарынын мэри Сулейман Умаралиев азырынча жерлер трансформация боло электигин айтып, маселени чечүүгө убакыт керектигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0