Атамбаев Кытай өкмөт башчысы менен кыргыз-кытай мамилесин талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев Кыргызстанга келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушуу учурунда
Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда Ли Кэцян Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпиндин саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян менен жолукканын президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, жолугушуу учурунда бир катар маселелер талкууланган. 

"Президент Алмазбек Атамбаев менен Ли Кэцян кыргыз-кытай ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын олуттуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле кеңири багыттар боюнча өз ара кызматташууну мындан ары арттыруу маселеси көтөрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Жолугушуу учурунда Ли Кэцян Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпиндин саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0