Кыргызстан ШКУнун өнүктүрүү банкын жана фондун түзүү демилгесин колдойт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны учурунда
Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган фонддун түзүлүүсү менен уюмга мүчө өлкөлөрдүн долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөр ачылат.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун өнүктүрүү банкын жана фондун түзүү демилгесин колдойт. Бул тууралуу КРдин өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында өтүп жаткан ШКУга мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны учурунда билдирди. 

Жээнбеков ШКУга Индия жана Пакистандын кошулуусу менен уюмдун экономикалык дарамети күчөйт деген пикирде. 

"Ар бир долбоорду ишке ашыруу үчүн сөзсүз түрдө каржы керек. Ошондуктан биз ШКУнун өнүктүрүү банкын жана фондун түзүү демилгесин колдойбуз. Аймактарды өнүктүрүүчү долбоорлор башкы иштерден болушу керек. Ошондуктан энергетика жаатындагы долбоорлор жасала турган алгачкы иштерден болсо жакшы болмок", — деди Жээнбеков. 

Кыргызстан буга чейин Россия менен Кытай сунуштаган ЕАЭБ менен Жибек жолу экономикалык алкагынын долбоорлорун биргеликте ишке ашырууну колдоп, эки тараптуу иштөөгө даяр экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0