Бишкек шаардык кеңешке катышчу партиялар тизмеде канчанчы болору белгиленди

© Sputnik / Табылды КадырбековАллея молодежи возле здания мэрии города Бишкек
Аллея молодежи возле здания мэрии города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-декабарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бишкек шаардык Кеңештеги 45 депутаттык мандат үчүн 14 партия ат салышат.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешке ат салышып жаткан партиялар шайлоо бюллетенинде канчанчы болорун билдирди.

11-декабарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Бишкек шаардык Кеңештеги 45 депутаттык мандат үчүн 14 партия ат салышат. Партиялардын катар номерлери чучу кулактын негизинде аныкталган.

Алар төмөндөгүдөй:

  1. "Таза Кыргызстан";
  2. "Актив";
  3. "Улуу Кыргызстан";
  4. "Республика — Ата-Журт";
  5. Кыргызстандын "Жашылдар" партиясы;
  6. Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы;
  7. "Демократ";
  8. Кыргызстандын коммунисттер партиясы
  9. "Аалам";
  10. "Кыргызстан";
  11. "Мекеним Кыргызстан";
  12. "Өнүгүү — Прогресс";
  13. "Жаңы Доор" (Новая эпоха);
  14. КСДП.
Жаңылыктар түрмөгү
0