Эртең өлкө аймагын ала-булут каптап, жаан-чачын күтүлбөйт

Жазылуу
Күндүз бардык облустардагы абанын температурасы нөлдөн жогору болот.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. 13-15-ноябрда өлкө аймагын ала-булут каптап, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Обогатительная фабрика Каскад ОАО Кузбасская топливная компания - Sputnik Кыргызстан
Күн сууктаган сайын асмандаган көмүр. Аймактардагы баа
Маалыматка ылайык, тоолуу аймактардын жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

13-ноябрда күндүз бардык облустардагы абанын температурасы нөлдөн жогору болот.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө — 17 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында — 20, Ысык-Көлдө — 12, Нарында — 10 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0