Ош: отко этиятсыз мамиле кылган аялдын бетинин 30 пайызы күйүп калган

Жазылуу
Ооруканага келип түшкөн аял Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн тургуну экени белгилүү болгон.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Ош облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө 3-даражадагы күйүк алган 48 жаштагы аял келип түшкөнүн ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аялдын бетинин 30-35 пайызы жана буттары күйүп калган. Ооруканага келип түшкөн аял Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн тургуну экени билдирүүдө айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0