ӨКМ: шамалдан жабыркаган таластыктарга шифер жеткирилди

© Фото / пресс-служба МЧС КРДоставка шифера жителям Ала-Буки пострадавшим от сильного ветра
Доставка шифера жителям Ала-Буки пострадавшим от сильного ветра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас облустук башкармалыгына жеткирилген 910 даана шифер турак үйү жабыркаган тургундарга бүгүн таркатыла баштайт.

БИШКЕК, 12-ноя. — Spuitnik. Талас облусунун бир катар аймактарындагы шамалдан жабыркаган турак үйлөргө ӨКМ тарабынан шифер жеткирилип берилди. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Эске салсак, 4-ноябрда Талас облусунун бир катар аймактарында катуу шамал катталып турак үйлөр жабыркаган. 

"Аманбаев айыл аймагына 800 даана шифер жеткирилип турак-жай ээлерине таркатылып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан башка дагы 910 даана шифер Талас облустук башкармалыгына жеткирилип берилген. 12-ноябрдан тарта таркатыла баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0