Кыргызгидромет: эртең суук 15 градуска чейин жетет

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө боюнча кар жаап, күн суук болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. 

Кара-Кулжага бир метрден ашык кар түшкөн - Sputnik Кыргызстан
Кара-Кулжа акиминин орун басары: калың кардан бир катар үйлөрдүн үстү түшүп калган
Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде —3…-8 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0…-5 градус суук, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо —5…-10 градус суук, бийик тоолуу райондордо —10…-15 градуска чейин төмөндөшү күтүлөт. 

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0