Мэрия: Бишкекте селсаяктар үчүн атайын жайлар иштеп жатат

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүСелсаяк. Архив
Селсаяк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын Биринчи Май жана Ленин райондорунда мындай жайлар туруктуу иштесе, калган эки райондогулар убактылуу болуп саналат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Күндүн суукташы менен Бишкекте баш паанексиз калган адамдар үчүн убактылуу жана туруктуу негиздеги атайын жайлар иштеп жатканын мэрия билдирди.

Работа автобуса православной службы Милосердие - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында үч селсаяк тоңуп өлдү
Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин бузулушу менен күн сайын аталган жайларда 80 үй-жайсыз калган адамдар баш пааналайт.

Биринчи Май районунда Жибек Жолу проспектиси, 413 дареги боюнча ар убак иштеген "Коломто" муниципалдык үйү 70 кишиге ылайыкталып, бир маал ысык тамак жана түнөк жай менен камсыздоо каралган.

Ленин районунда Трудовая көчөсү, 10 дарегинде балалуу аялдар үчүн "Боорукердик борбору" иштеп келет.

Мындан тышкары, ноябрь айынан мартка чейин калган эки райондо бир маалкы тамагы жана түнөгү менен убактылуу жайлар ачылды. Алар менен 58-03-68 жана 42-64-47 телефондору аркылуу байланышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0