Шашылыш билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылды сактоо керектигин эскертет.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. 19-ноябрдан 20-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош жолунун 121-138, 198-275 чакырымдары жана Кара-Кулжа — Алайкуу жолундагы Тамчы аймагынын 74-76 чакырымдары, Каракол — Эңилчек жолунун 45-90 чакырымдарындагы жолго кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Министрлик айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймылды сактоо керектигин эскертет.

"19-20-ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн", — деп айтылат маалыматта. 

21-23-ноябрда абанын температурасы түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көл ойдуңунда, тоо этектеринде —10…-15 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө —5…-10 градус суук болот. Ал эми Нарын облусунда жана тоолуу райондордо —13…-18 градуска чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатарын ӨКМ эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0