Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ринат Алиев: Ош шаарында шайлоочулардын саны 119 миңди түзөт

© Фото / Зульфия ТургуноваГлава Ошского городского отдела по паспортам и визам Ринат Алиев
Глава Ошского городского отдела по паспортам и визам Ринат Алиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаары боюнча биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын саны 118 900дү түзөт. Бул сан өзгөрүп, шайлоого чейин дагы 2-3 миң жаран кошулуусу мүмкүн.
Ринат Алиев: Ош шаарында шайлоочулардын саны 119 миңди түзөт

Жарандар 26-ноябрга чейин биометрикалык маалыматтарын тапшыра алат. Бул тууралуу Ош шаардык паспорт жана виза бөлүмүнүн башчысы Ринат Алиев билдирди. 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Ош шаарында жашоочулардын саны 200 миңден ашуун.

Алиевдин айтымында, учурда Ош шаарында жашап, бирок паспорту боюнча башка аймакта каттоодо турган 487 жаран арыз менен кайрылган.

"Алар эгерде биометрикалык маалыматын тапшырган болсо Ош шаарындагы шайлоо участкасынан добуш бере алышат. Мындан сыткары, Ош шаарында жашаган, биометрикалык маалыматтарын тапшырып, бирок буга чейинки шайлоолордо тизмеден өзүн таппай калган жарандар да арыз менен кайрылып тизмесин тактап кетүүсүн өтүнөбүз", — деди Алиев. 

Ал ошондой эле Ош шаарынын айрым тургундары эмне үчүн өзүнүн аты-жөнүн башка аймактардан тапканын түшүндүрүп берди.

"Ош шаарында Ленин көчөсү бар. Мындай көчө Кыргызстандын ар бир аймагында кездешет. Биометрикалык маалыматтарды каттоо учурунда Ош шаары деген пункт толтурулбай калгандыктан ушундай абал жаралган", — деди Алиев.

Ош шаарында 73 шайлоо участкасы бар. Добуш берүүдө жарандарды тейлөө үчүн 344 оператор даярдалган. Мындан сырткары, дагы кошумча операторлор ишке тартылат.

Белгилей кетсек, 11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0