БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Ош шаарында 22 жаштагы жигитти өлтүрүп, сөөгүн Кең-Сай конушуна көөмп, изин жашыргандар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди.
Быйылкы жылдын 4-сентябрынан 5ине караган түнү калаа четиндеги Жапалак айылынын 22 жаштагы тургуну Нурсултан Насиров 24:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгына 13-сентябрда жакындары арыз менен кайрылышкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте аталган жаранды издөөгө алган.
Маркумдун сөөгү ушул жылдын 10-октябрында табылган.
"Сөөк табылган учурда чирий баштаган экен. Иликтөө учурунда маркумду өлтүрүүгө шектүүлөр өзүнүн эле тааныштары экендиги аныкталды", — деп билдирди Сыдыков.
20-ноябрда шектүү эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"1994-жылы туулган К.Б. аттуу жаран маркумду уруп өлтүрүп алганын, андан соң 22 жаштагы эки жана 23 жаштагы бир жолдошу "Тико" үлгүсүндөгү унаада сөөктү Кең-Сай аймагына алып барып көмгөндүктөрүн айтып берген. Шектүү катары кармалгандар күнөөсүн мойнуна алышты. Алар маркум Насировду пикир келишпестиктен улам өлтүрүп коюшкан", — деп билдирди Ош шаардык ИИБ өкүлү.
Бүгүн Ош шаардык соту кармалган жарандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселесин карайт.