Башкы прокуратура Мухтар Аблязовдун билдирүүсүн текшерүүнү УКМКга тапшырды

© Sputnik / Владимир Третьяков / Медиабанкка өтүүКазакстандык мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун архивдик сүрөтү
Казакстандык мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов Франциянын Liberation гезитине берген маегинде Кыргызстандагы 2005-жылкы революцияны каржылаганын айткан болчу.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине казак ишкери Мухтар Аблязовдун 2005-жылкы жоогазын ыңкылабын каржылык жактан колдогом деген билдирүүсүн Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы көзөмөл органы билдирди.

Эске салсак, казакстандык мурдагы банкир жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов Франциянын Liberation гезитине берген маегинде Кыргызстандагы 2005-жылкы революцияны каржылаганын айткан болчу.

Ак үйдүн тосмосун сүзүп кирүүгө аракет кылган жүк ташуучу автоунаа - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянтынан "Ата-Бейитке" чейин — революция жана анын кесепеттери
Казакстандын "БТА Банкынын" мурдагы башчысы Казакстанда гана эмес, Россияда жана Европанын Украина, Швейцария сыяктуу бир катар өлкөлөрүндө издөөдө жүрөт. Ал эми Улуу Британия аны 22 айга эркинен ажыраткан. 

Аблязов Казакстанда мүлктү максатсыз пайдаланууга, кылмыштык кирешелерди легалдаштырууга, банктын каражаттарын жеке максатта колдонууга, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана кылмыштуу топту уюштуруу боюнча күнөөлөнүп, өзүнүн жана жакындарынын келтирген зыяны 7,5 миллиард долларга бааланган. 

Казакстан менен Франциянын ортосунда экстрадиция тууралуу келишим болбогондуктан, аны өткөрүп алууга азыр Россия менен Украина аракет кылып жатат. Бирок ушул жуманын башында Франциянын мамлекеттик кеңеши Мухтар Аблязовду Россияга экстрадициялоо боюнча токтомду жокко чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0