Ошто унаа жардан кулап, бир бала менен аял каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар на Аламединском рынке столицы тушит один пожарный расчет
Пожар на Аламединском рынке столицы тушит один пожарный расчет - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машинанын ичинде жети жүргүнчү болгон. Учурда беш адам ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 23-дек. – Sputnik. Оштун Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда машина кулап, эки адамдын каза болгонун ӨКМ билдирди.

Москва менен Ибраимов көчөлөрү кесилишде айдоочу жөө адамга ок чыгарган жер - Sputnik Кыргызстан
Күбө: Бишкекте аялына болушкан айдоочу жөө адамды атып салды
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 12.50лөр чамасында болгон. "УАЗ" үлгүсүндөгү унаа аталган жолдун 45-чакырымына келгенде 30-35 метр бийиктиктен кулап, Тар суусуна түшүп кеткен.

Унаанын ичинде 7 адам болгон, анын ичинен бир жаш бала жана бир аял көз жумса, төрт киши оор, дагы бир жүргүнчү жеңил жаракат алган. 

Жабырлануучулар райондук ооруканага жеткирилди, учурда алардын аты-жөнү такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0