Кыргызстандын көпчүлүк аймактарына кар түшөт

Жазылуу
Кар жааганына карабай күндүз Кыргызстандын дээрлик бардык аймагында күн жылуу болот.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Эртең түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Чүй, Талас өрөөнүндө күндүз —2…+3 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында дагы күн —2…+3 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө —4…+1 градус болсо, Нарында —12…-17 градуска чейин суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0