Авиакырсыктан үй-жайсыз калган 4 үй-бүлө "Семетей" мейманканасында жашап жатат

© AP Photo / Vladimir VoroninКрушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМ жабырлануучулардын баары керектүү нерселер менен камсыз болгонун белгиледи.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Авиакырсыктан жабыркаган төрт үй-бүлө учурда Бишкек шаарындагы "Семетей" мейманканасында жашап жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Артында 7 жашар уулу гана аман калган үй-бүлө жерге берилди - Sputnik Кыргызстан
Артында 7 жашар уулу гана аман калган үй-бүлө жерге берилди
Эскерте кетсек, 16-январь күнү Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкекке май куюу үчүн токтомок болгон учак "Манас" аэропортунун жанындагы Дача айылына кулап түшкөн. Андан 38 адам каза болуп, 23 үй жараксыз абалга келген.

Өкмөт баш паанексиз калган адамдарды убактылуу "Семетей" мейманканасына жайгаштыруу чечимин кабыл алган.

"Мейманканада учурда 20 кишиден турган төрт үй-бүлө жашап жатат. Анын 9у — чоң кишилер болсо, 11и — балдар. Баары тең тамак-аш, керектүү нерселер менен камсыз болгон", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктан ар кандай жаракат алган 13 киши ушу тапта ооруканада дарыланып жатканын билдирди.

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0