Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ берилбейт

© Sputnik / Табылды КадырбековВключение газовой плиты с помощью спички
Включение газовой плиты с помощью спички - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки көчөдө жана бир шаарчада оңдоо иштерине байланыштуу газ берүү үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда үч күн бою газ берилбейт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-январдан 3-февралга чейин Бишкек шаарынын Шевченко менен Рыскулов көчөлөрүндөгү үйлөрдө газ өчүрүлөт.

Андан сырткары, Орто-Сай айылынын "Ала Арча-1" турак шаарчасында дагы газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу газ берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0